• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ат-Башы милициясы өрт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы райондук милициясы өрт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан учурда коомдук жайларда орун алган өрт кырсыктарынын көбөйгөндүгүн эске алуу менен жашы жете элек өспүрүмдөрдүн ар кандай бөөдө кырсыктардан, терс жагдайлардан сактап калуу, алдын алуу чараларды көрүү жана болтурбоо максатында иш-чара өткөрүлдү.

Ага Ат-Башы райондук милициясынын кызматкерлери, жергиликтүү айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери катышты. Соода борборлор, базарлар, дүкөндөр жана тез татым жайлардын балондорун текшерген учурда айрым жерлерде мөөнөттөрү өтүп кеткендиги жана тиешелүү жерлерге өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча шиттер орнотулбагандыгы аныкталды.

Ошондой эле өрт коопсуздуктарын алдын алуу менен өрткө керектүү шиттерди орнотуп, ичине өрт өчүрүүгө керектүү болгон балондорду, кумду жана башка керектүү шаймандардын болуусу эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий