• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ат-Башы райондук социалдык фонд башкармалыгынын жаңы имараты курулууда

Аймак 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. "Ат-Башы райондук социалдык фонд башкармармалыгынын эски имараты жарактан чыгып калгандыгына байланыштуу, учурда жаңы имаратынын курулуш иши башталды. Бул тууралуу Ат-Башы райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров жүрүп жаткан иштер менен жеринен барып таанышты.

“Бул долбоордун тендерин 2019-жылдын ноябрь айынын аягында "Бейшембай" курулуш фирмасы утуп алган. Ал жылы суук эрте түшкөнүнө байланыштуу курулуш иши токтоп, быйыл 2020-жылдын эрте жазында курулуш иши башталмак. Бирок, учурдагы кырдаалга байланыштуу иш убактылуу токтоп турган. Бүгүнкү күнү ал имараттын курулуш иши башталууда. Бул жаңы имарат, эки кабаттан турат. Быйыл ноябрь айына чейин бүткөрүлүп, ишке берилет. Жалпы сметалык баасы 8 миллион 642 миң сомду түзөт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий