• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ат-Башы районуна демөөрчү тарабынан 4 кычкылтек концентратору келди

Аймак 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Ат-Башы районуна демөөрчү тарабынан 4 кычкылтек концентратору келди. Бул тууралуу Ат-Башы райондук администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

"Учурда өлкөдө анын ичинде Ат-Башы районунда да пневмония оорусу күч алып жатат. Мындай оор кырдаалда элинин ден соолугу үчүн кайдыгер карабай, Мирлан Капаров демөөрчүлүк кылып өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн атынан Ат-Башы району үчүн баасы 850 доллардан турган 4 кычкылтек концентраторлорун алып берген", - деп айтылат маалыматта.

Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров мындай жардам азыркы тапта районго өтө зарыл экенин баса белгилеп, өзүнүн жана жалпы жамаатынын атынан район элинин саламаттыгына кошкон зор салымы үчүн Мирлан Капаровго бекем ден соолук, бакубат жашоо жана үй-бүлөлүк бакыт каалап, терең ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий