• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ат-Башы районунан бийик тоолуу макамы алынбайт – өкмөт

Өкмөт 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районунан бийик тоолуу макамы алынат деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттөн билдиришкендей, социалдык тармактарда бийик тоолуу райондордо, маселен Ат-Башы районунун тургундарына жөлөкпул төлөө жоюлушу мүмкүн деген маалымат таратылууда.

"Кыргызстандын өкмөтү мындай демилгени көтөргөн жок. Бул өңдүү ушактарды айрым бир саясий топ өз кызыкчылыгы үчүн таратууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий