• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ат-Башы районунда 4 миң гектардан ашык жерде жазгы талаа иштери аяктады – район акими

Аймак 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Ат-Башы районунда 4 миң гектардан ашык жерде жазгы талаа иштери аяктады. Бул тууралуу Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров билдирди.

Анын айтымында, Ат-Башы районунда жазгы талаа иштеринин 65%ы аткарылды.

"6 миң 240 гектар жер айдалыш керек болчу. 4 миң гектардан ашык жерде айдоо иштери аткарылды", - деди ал.

Учурда жайлоого чыгуу мезгили келгендиктен ал, жайыттарга чыгып жаткан малчылар тууралуу айтып берди. Сатаровдун айтымында, быйыл жаз эрте келгендиктен райондук штаб менен биргеликте 20-апрелден тарта ички жайыттарга чыгуу боюнча чечим кабыл алынган.

"1-майга карата баары көчүп бүттү десе болот. Андан тышкары алыскы жайлоолорго баруучу жолдорду ачып, оңдогонго аракет кылдык. Учурда жолдор ачык. Малчылар алыскы жайлоолорго көчө баштады", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий