• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ат-Башы районунда 7 мектеп реалдуу режимде окутууга өттү

Билим 0

Бишкек, 08.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районунда бүгүн, 8-декабрда 7 мектеп реалдуу режимде окутууга өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, жалпы билим берүүчү мектептердеги окуу процесси менчигинин түрүнө карабастан эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен дифференциалдуу түрдө жүргүзүлөт.

"Окуу процессин реалдуу режимде жүргүзүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн уруксаты милдеттүү түрдө болушу керек. Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге Кыргызстандагы ар бир мектепке иштөө тартиби боюнча 4 вариант сунуштады. Биринчиси, 300 окуучуга чейинки мектептерде 1ден 11-класстарга чейинки окуучулар окуса болот. Албетте, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана санэпидкөзөмөл борборунун уруксаты менен. Экинчиси, 300дөн 600гө чейин окуучу окуган мектептер. Алар 1-этапта 1ден 6га чейин жана 9, 11-класстар, 2-этапта 7, 8 жана 10-класстар окуй баштайт. Үчүнчүсү, "кызыл зонадагы" мектептерде 1, 5, 9, 11-класстар окушат. Төртүнчү вариантта 600дөн ашуун окуучусу бар мектептер. Мында 1, 5, 9, 11-класстар окуйт", - дейт ал.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 7-декабрына карата республика боюнча жалпы 1843 мектеп реалдуу режимде окутууну жандандырган.

Пикир

Оставить комментарий