• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ат-Башы районунда эпидемиологиялык абал турукташып калды - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районунда эпидемиологиялык абал турукташып калды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктуруп алган учурлар Ата-Башы районундагы үч калктуу пункта катталган. Алар - Арча-Кайыңды, Бирлик жана Ат-Башы айылдары.

“Учурда Ата-Башы районунда эпидемиологиялык абал турукташып, оорунун басаңдаганы байкалууда. Бирок, ошентсе дагы бул райондо карантиндик чараларды сактоо боюнча иш-чаралар жүрүүдө. Бүгүнкү күндө ооруну жуктуруп алгандар менен байланышта болгондордун бардыгы текшерилип, көзөмөлгө алынды”, - деп кошумчалады ал.

Министрдин орун басары белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата Ат-Башы районунда ооруну жуктуруп алган жаңы учурлар катталган жок.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-майга карата коронавирус жуктурган 24 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 895ке жетти. Алардын ичинен 637 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий