• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ат-Башы районунда эпидемиологиялык абал туруктуу – район акими

Аймак 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Ат-Башы районунда эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Нарын облусунун Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров билдирди.

Анын айтымында, учурда райондо коронавирус жуктурган 7 адам ооруканада дарыланып жатат.

"Акыркы күндөрү жаңы учурлар катталган жок. Учурда обсервацияда 34 адам жатат. Ооругандардын саны жетини түзөт. Жакынкы күндөрү аларды чыгарабыз деп турабыз. 219 адам үй карантининде болууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий