• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ат-Башы районунда күндүзгү стационарлар даярдалууда

Аймак 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Ат-Башы районунда күндүзгү стационарлар даярдалууда. Бул тууралуу Ат-Башы райондук администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурдагы пандемиялык кырдаал курчуп жаткандыктан район жетекчилиги тарабынан район борборундагы мектептерде Ат-Башы айылына 200 орунду күндүзгү стационарлар уюштурулду.

Мындан сырткары, айылдардагы фельдшердик-акушердик пункттарда дагы күндүз жатып дарылануучу орундар даярдалууда.

Учурда район боюнча жалпы 250дөн ашык орун даяр болду.

Пикир

Оставить комментарий