• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ат-Башы районунда катталган катуу шамал маданият үйүнүн чатырын учуруп кетти. Сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда күн мурун, 25-майда саат 18:00 чамасында ылдамдыгы болжол менен секундасына 25-27 метрге жеткен катуу шамал катталган. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтен кабарлашкандай, шамалдын кесепетинен Ак-Жар айылындагы маданият үйүнүн 192 чарчы метр чатыры, ошондой эле Жаркынбаев №103 дарегинде жайгашкан сарайдын 72 чарчы метр чатыры учкан.

Ак-Талаа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иш-чараларын жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий