• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ат-Башы районунда коронавирус жуктурган бейтаптардын баары ооруканадан чыгарылды – аким

Аймак 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Ат-Башы районунда коронавирус жуктурган бейтаптардын баары ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров билдирди.

Анын айтымында, Ат-Башы районунда жалпы 77 киши коронавируска чалдыккан.

"Бүгүнкү күнү ооруган адамдар жок, баары айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Кечээ, 22-май күнү акыркы бейтап үйүнө чыгарылды", - деди ал.

Ал, коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн иш алып барган медицина, милиция, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, ошондой эле тартипти сактаган район элине ыраазычылыгын айтып өттү.

"Ат-Башы элине терең ыраазычылык билдирем. Бул ооруну жеңүүдө биринчиден тартипти сактоо керек экен. Тартипти сактоо, медицина жана милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнө баш ийүү менен иш алып баруу зарыл экенин көрдүк. Милиция, медицина, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнү-түнү иштеди. Алардын баарына терең ыраазычылык билдирем", - деди ал.

Аны менен бирге ал азыр коронавирустун жайылуу коркунучу дагы деле бар экенин айтып, жарандарды себепсиз үйдөн чыкпоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий