• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ат-Башы районунда кышка даярдык кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Ат-Башы районунда кышка даярдык кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-2021-жылдын күз-кыш мезгилине карата Ат-Башы районундагы бюджеттик мекемелер толук көмүр отуну менен камсыздалды. Ага жалпы 3973,6 тонна көмүр алынып келди. Ал эми район элине болжол менен 12100 тонна көмүр керектелсе, анын 1325 тоннасы тартылып бүттү.

Мындан сырткары май айынан баштап Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ар бир айыл өкмөткө жалпысынан 12 көмүр кампасы уюшулган. Бүгүнкү күндө кампанын ичинде 580 тонна көмүр бар.

Пикир

Оставить комментарий