• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ат-Башы районунда лыжа боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 13.02.21. /Кабар/. Кечээ, 12-февралда Ат-Башы районунда облустук деңгээлде 18 жашка чейинки мектеп окуучулары арасында лыжа боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара эл агартуунун жана спорттун отличниги Токтоболот Айтыметовдун жаркын элесине арналып, ага Нарын шаарынан 8 жана Нарын, Ат-Башы райондорунан командалар келип катышып, кышкы мелдеш жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Оюндун жыйынтыгында Нарын шаарынан, Нарын районунун Казан-Куйган, Он-Арча, Эки-Нарын айылдарынан, Ат-Башы районунун Терек-Суу айылынан катышкан жаш спортчулар ийгиликтерди жаратып, 1-2-3-орундарга татыктуу болушту.

Райондун акими Нурбек Сатаров спорттук иш-чаранын жеңүүчүлөрүнө дипломдор, медалдар, ал эми алардын машыктыруучуларына ыраазычылык каттарын тапшырды.

Ошондой эле иш-чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Лыжа федерациясынын президенти Назгүл Мусагожоева Ат-Башы районунда лыжа спортун өнүктүрүү максатында районго 33 лыжа белек кылды.

Пикир

Оставить комментарий