• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ат-Башы районунда өспүрүмдөрдүн ишке тартылышы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 19.06.20 /Кабар/. Ат-Башы районунда өспүрүмдөрдүн ишке тартылышы текшерилди. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-июндан 18-июнга чейин Ат-Башы районунун аймагында “Өспүрүм-эмгек” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Анда Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери билим берүү, үй-бүлө жана балдарды коргоо, саламаттык сактоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана башка тиешелүү мекеме кызматкерлери менен биргеликте мыйзамсыз жаш өспүрүмдөрдү жумушка тарткан фактылар, алардын ичинде эң начар формадагы жумуштарда иштеген балдарды табуу үчүн соода-сатык түйүндөрү, майда базарлар , автобекеттер, автоунаа жуучу жана оңдоочу жайлар, кафелер, интернет жана компьютердик клубдар, дыйканчылык жана мал чарбачылык, жаңы курулуп жаткан имараттар текшерилип, жашы жетекчилерди мыйзамсыз жумуштарга тартууга каршы түшүндүрүү иштер жүргүзүлүп, балдардын эмгегин пайдаланып жаткан жеке жана юридикалык жактарга карата КРнын мыйзамдарынын чегинде чаралар көрүлөрү эскертилип, ата-энелердин милдеттери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
​ ​ ​
Андан сырткары Ат-Башы РИИБдин алдын алуу каттоосунда турган жашы жете элек өспүрүмдөрдүн, ата-энесинин катышуусунда жана балдарына терс таасирин тийгизген ,каттоодо турган ата-энелерге жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле тиешелүү мекеме кызматкерлери менен биргеликте райондун аймагында күндүзгү жана түнкү рейддер уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий