• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ат-Башы районунда жол кырсыгы катталып, айдоочу жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Ат-Башы районунда жол кырсыгы катталып, айдоочу жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 28-сентябрда саат 15:33тө Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды жана Баш-Кайыңды айылдарынын ортосунда «БМВ-525» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Жерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, унаада кыпчылып калган айдоочуну чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий