• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ат-Башы районундагы мал базары район тургундары гана үчүн иштейт - аким

Аймак 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Ат-Башы районундагы мал базары район тургундары гана үчүн иштейт. Бул тууралуу Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нурбек Сатаров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Ат-Башы районундагы мал базары 7-июнь, жекшембиде ачылат. "Нарын облусунун башка райондорундогу кырдаалга байланыштуу Ат-Башы районундагы мал базары район тургундары үчун гана колдонулат. Бул фермер-дыйкандарга малын сатууга мүмкүнчүлүк түзүү максатында жасалууда”, - дейт ал.

Ал кошумчалагандай, базарда санитардык нормалардын сакталышы тыкыр көзөмөлдөнөт. “Өзүңөргө белгилүү болгондой Ат-Башы районундагы карантин алына элек, ошого байланыштуу базарга кире бериштерде посттор уюштурулат. Базардын иштөө убактысы дагы чектелет”, - дейт Сатаров.

Пикир

Оставить комментарий