• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ат-Башы районундагы мектепте өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 16.03.19. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү Ат-Башы районунун Ак-Жар айылындагы Жаналы уулу Абдыракман атындагы орто мектебинде өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрдү.

Машыгуунун жүрүшүндө мектепте “Айгай” жарыяланып мектептин ичиндеги окуучулар жана мугалимдер жамааты толугу менен сыртка негизги жана кошумча эшиктери аркылуу эвакуацияланып, тез аранын ичинде мектептин белгиленген аймагына чогулушту.

"Адистер окуучуларга жана мугалимдерге өрт кырсыгы учурунда биринчи ыкчам аракеттер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле окуучуларга практикалык негизде мектептин түштүк тарабында авариялык-куткаруу иштери жана өрт өчүрүү ыкмалары практика жүзүндө кошумча көргөзүлдү. Окуучулар кызыгуу менен практикалык иш-чарага күбө болушту. Окуучуларга өрт өчүрүүчү жана авриялык-куткаруу автоунаасындагы шаймандар менен тааныштырылды", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары машыгуудан сырткары мугалимдерге жана техникалык кызматкерлерге өзүнчө өрт коопсуздугу боюнча сабактар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Өрттүк-тактикалык машыгууга жалпы 45 мугалим жана 278 окуучу катышты.

Пикир

Оставить комментарий