• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ат-Башы районундагы өзгөчө абал комендатуранын көзөмөлүндө болууда

Аймак 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Ат-Башы районунда ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Бул тууралуу Ат-Башы районунун комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, райондо жалпы 8 блокпост жана 5 фильтрациялык пост бар. Аларда медицина кызматкерлери, аскердик бөлүктөрдүн кызматкерлери, ветеринардык кызматкер, ӨКМ кызматкерлери, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана башка кызматтар кирип чыккан автоунааларды текшерүү менен максатсыз үйлөрүнөн чыкпоону эскертип, жугуштуу илдеттин жайылышын алдын алууда күнү-түнү кызмат кылышууда.

Ошондой эле, постто кызмат өтөп жаткан кызматкерлер керектүү жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалган. Азыркы учурда, атайын бөлүнгөн маршруттук топтор эл арасында өзгөчө абал режимин туура сактоо жана алардын шарттарын бузбоо боюнча бир катар түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий