• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында машыгуу залы пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 27.06.20 /Кабар/. Ат-Башы районунун 90 жылдыгынын "90 жылдыкка 90 долбоор" иш-чарасынын, "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылынын" алкагында Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында спорттук машыгуу залынын ачылышы болуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ат-Башы райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага чакан эл чогулуп, ошондой эле өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов, Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров катышып, учурдагы кырдаалга карабай өнүгүүнүн жолуна кадам таштоо керектигин билдирип, ийгилик каалап ачылышын жасашты.

Машыгуу залы 2017-жылы Ак-Жар айылындагы жаштардын демилгеси менен уюшулуп иштеп келген. Бирок имаратынын абалы начар жана машыгуучу жабдыктары жокко эсе болгон. Ушуга байланыштуу Ак-Жар айыл өкмөтү, айылдык кенештин депутаттары демилгелеп, 200 миңге оңдоо иштерин жасап берсе, демөөрчүлөр Мирлан Капаров жана Ислам Газиевдердин каржылоосу менен жалпы 1 миллион сомдун тегерегиндеги бир канча машыгуучу жабдыктар алынып берилген.

Аталган зал айыл өкмөттүн карамагында болуп, атайын машыктыруучусу менен айылдагы жаштарды спортко тартуу жагын колго алышкан.

Пикир

Оставить комментарий