• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ат-Башы районунун акими район тургундары башка аймакка чыгуу үчүн кимдерден уруксат алышы керектигин айтып берди

Аймак 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров район аймагындагы карантинге байланыштуу тургундар үчүн кандай чектөө чаралары каралганы тууралуу айтып берди.

"Карантин шарттарында айрым чектөөлөр, талаптар болот. Бул жерде жергиликтүү бийлик өзү чечим кабыл алат. Райондук штабдын чечими менен оору катталган эки аймакка өзгөчө көңүл буруу каралган", - деди ал.

Ошол эле учурда ал, Ат-Башы районунун борбору Ат-Башы айылы эл көп каттаган жер болгондуктан, оорунун жайылуусун алдын алуу максатында айылдын кире бериш жериндеги 3 блокпост алынбай, бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатканын айтты.

Сатаровдун айтымында, район борборуна барууда же райондун аймагынан чыгууда тургундар биринчиден жергиликтүү медицина кызматкерлеринен уруксат кагаз алышы керек. Бул чара үй карантининде болгон жарандар эл арасында аралашып жүрүүсүн алдын алуу үчүн каралган.

"Андан кийин айыл өкмөт башчылары бар. Алар ар бир жарандын шартын, каякка бара жатканын, зарыл иш бекенин билип, өзүнүн машруттук кагаздарын жазып берет. Ошонун негизинде райондун борборуна, башка аймактарга, мисалы Нарын, Бишкек шаарына жиберилет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий