• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ат-Башы районунун билим берүү уюмдары көп тилдүү билим берүүнү ишке киргизүүгө даярданып жатышат

Билим 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Ат-Башы районунун билим берүү уюмдары көп тилдүү билим берүүнү ишке киргизүүгө даярданып жатышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ат-Башы районунун билим берүү бөлүмүнүн жыйырмадан ашык педагог-адистери, мектеп жана бала бакча жетекчилери “Мектептерде жана бала бакчаларда көп тилдүү билим берүү программасын пландоо жана ишке ашыруу” программасынын алкагында квалификациясын жогорулатуу курсунда окуй башташты.

Окутуу Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайрадан даярдоо институту тарабынан уюштуруулда. Карантинге байланыштуу интитут квалификацияны жогорулатуу программаларын аралыктан окутуу форматында өткөрүп жатат.

Курстардын материалдары – тексттер, презентациялар, видеоматериалдар, тесттер аралыктан окутуу үчүн даярдалган. Бул үчүн Google Classroom, WhatsApp тиркемелеринин мүмкүнчүлүктөрү колдонулуп, ал эми сабактар ZOOM тиркемесинин жардамы менен өтүлүүдө.

Курстун максаты - мектептерде жана бала бакчаларда көп тилдүү билим берүү боюнча жаңы окуу моделин ишке киргизүүнү каалаган билим берүү уюмдарынын жетекчилерине көмөк көрсөтүү.

Кыргызстанда көп тилдүү билим берүү мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн программасы алкагында 2014-жылдан бери ишке ашырылып келет.

Евробиримдикдин колдоосу менен Кыргызстандагы мугалимдердин кеминде 3%ы көп тилдүү окутуу курстарынан кесипкөйлүгүн жогорулатат.

Пикир

Оставить комментарий