• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ат-Башы районунун борбордук аянтын реконструкциялоо иштеринин биринчи бөлүгү аяктады

Аймак 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Ат-Башы районунун борбордук аянтын реконструкциялоо иштеринин биринчи бөлүгү аяктады. Бул тууралуу Ат-Башы райондук администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, быйыл, 2020-жылы Ат-Башы районунун түптөлүшүнө 90 жыл толот. Бул жылды ар кандай шаан-шөкөт менен эмес, пайдалуу иштер менен өткөрүү максатында Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров "90 жылдыкка 90 долбоор" аталышында демилге көтөрүп чыккан.

Бул демилгенин алкагында район боюнча жыл аягына чейин 90 долбоор ишке ашырылуу пландалган. Ал 90 долбоордун ичинде Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы борбор аянтын жаңылап реконструкциялоо дагы каралган.

Бүгүнкү күнү Ат-Башы борбордук аянтын реконструкциялоо иштеринин биринчи бөлүгү аяктады. Тактап айтканда, брусчатка төшөлүп, эс алып отуруучу отургучтар жана кире беришине жарыктандыруучу чырактар орнотулду.

Бул реконструкциялоо иштеринин бир бөлүгүн ишкер Мелис Жунусов мойнуна алып, бүтүрүп берди. Ал эми борбор аянттын калган бөлүгү башка демөөрчүлөрдүн колдоосунда күз айларында толугу менен бүткөрүлөт.

Мелис Жунусов буга чейин район элинин саламаттыгы үчүн дары-дармектерин жана атайын медициналык коргонуучу каражаттарын алып берген.

Райондун өнүгүүсү, элдин саламаттыгы үчүн салымын кошуп жаткан Мелис Жунусовго Ат-Башы райондук мамлекеттик администрация башчысы Нурбек Сатаров ыраазычылык билдирип, ардак грамотасын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий