• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылында сугат жана таза суу чыгарылууда

Аймак 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Булуң айылында жаштардын демилгеси, айыл элинин колдоосу менен таза суу жана сугат суу маселеси чечилүүдө. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 6-апрель күнү Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров Кара-Булуң айылында суу чыгарылып жаткан аймакка барып, иштери менен таанышты.

"Аталган айылда таза суу маселесине деп өкмөттөн каражат бөлүнүп, 2017-жылдан бери реконструкция иштери жүрүп, эл таза суу менен толук камсыз болбой келген. Ошол себептен айылдын жаштарынын демилгеси элдин колдоосу менен 500 миң сомдой каражатка кайрадан башка жерден суу чыгаруу иштерин жүргүзүлүп жатат. 2004-жылдан бери айылда сугат суу боюнча дагы көйгөйлөр жаралып, айрым айдоо аянттарына суу жетпей, түшүм алынбай калган”, - деп айтылат маалыматта.

Айыл эли бул суу чыгаруу иштеринде бир катар жардамдар керек болуп жактанын айтып район акимине кайрылышты. Район акими Нурбек Сатаров суу чыгаруу иштерине керектүү жардамдарды жеринде чечип, техника жагынан камсыздап берүүнү мойнуна алды.

Учурда суу чыгаруу иштери ортолоп калгандыктан, май айынын башында жумушу жыйынтыкталып, эл суу менен камсыз болуу алдында турат.

Пикир

Оставить комментарий