• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ат-Башы жана Жумгал райондорунда коронавирус жуктургандардын баары айыкты - Алымкулов

Аймак 0

Бишкек, 27.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы жана Жумгал райондорунда коронавирус жуктурган жарандардын баары айыкты. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифингде билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусунда коронавирусту 297 жаран жуктуруп алган. "Алардын 128и айыкты, 169 бейтап дарыланууда. Райондор боюнча айта кетсем, Ат-Башы районунда 77, Ак-Талаада 19, Жумгалда 14, Нарын шаарында 163, Кочкордо 11, Нарын районунда 13 адам илдетти жуктурган. Нарын шаарында 14 бейтап ооруканадан жакын арада чыгарылат", - дейт ал.

Алымкулов облус аймагында 123 жаран обсервацияда, 381 адам үй карантинде болгонун айтат. "Коронавирус жуктургандар менен 1 миң 590 жаран байланышта болгон. Илдеттин кесепетинен 1 адам каза болгон", - деди ал.

Белгилей кетсек, 27-майга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1520 учур катталды. Алардын ичинен 299у медицина кызматкери. Илдеттен 1043 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий