• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ат-Башыда арзан жана калориялуу тоют камдоо ыкмасы жайылтылат

Аймак 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Ат-Башыда арзан жана калориялуу тоют камдоо ыкмасы жайылтылат. Бул тууралуу Ат-Башы райондук администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ат-Башы районунун башчысы Нурбек Сатаровдун демилгеси менен Ат-Башыга дан өсүмдүктөрүнөн калориялуу жана арзан тоют даярдоо ыкмасын колго алып, аны жайылтуу максатында райондогу айыл өкмөт башчылары, райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмү жана фермерлер Чүй облусундагы күнүнө 30 тонна дан азыктарын иштетип чыгарган ЖЧК "Дан Агро Продукты" заводуна барып ишмердүүлүгү, дан өсүмдүктөрүн экспорттоо, мал жандыктарга калориялуу тоют даярдоо ыкмасы менен таанышып келишти.

Алдыда бул иш сапарга барып, тоют даярдоо ыкмасын көрүп келген айыл өкмөт башчылары элге түшүндүрүү менен жыйылтуу иштерин жүргүзүшсө, ал эми фермерлер Ат-Башы району мал киндиктүү болгондуктан, тоют чөпкө гана басым жасабай, дан азыктарынан баасы арзан боло турган каллориялуу тоют даярдоо боюнча база түзүп, аталган ишкананын филиалдарын ачуу аракетин көрүшөт.

Маалымат катары айта кетсек, бул жасмык (чечевица) жана буурчактын(фасоль) түрү болгон дан азыктарынан даярдалган тоютка королгон чыгымдар, мурун тоют катары малга берилип келген арпадан арзан жана каллориясы 3 эсе жогору болот.

Пикир

Оставить комментарий