• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ат-Башыда аскер комиссариатынын бөлүм башчысы пара менен кармалды

Коом 0

Бишкек. 20.05.19 /Кабар/. Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын бөлүм башчысы Ж. у. Н. 30 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

Такталган боюнча кармалган Ж. у. Н Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын бөлүмүнө жумушка орнотуу үчүн 70 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Кармоо учурунда 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты Ж. у. Н. өздүк автоунасынан табылып алынды.

Материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (опузалап параталап кылуу) кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Нарын шаарынын тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий