• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ат-Башыда Баткен согушунун катышуучулары сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Кечээ, 26-октябрда Ат-Башы районунда 20 жыл мурун болуп өткөн Баткен согушунун катышуучулары сыйланып, көзү өтүп кеткендерге куран окулду. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара учурдагы кырдаалга байланыштуу чакан гана адамдардын катышуусунда өткөрүлдү.

Ардагерлерге Нарын облустук, Ат-Башы райондук мамлекеттик админстрациясынан ардак грамоталар жана чакан белек берилсе, Нарын облустук ардагерлер кеңешинин, Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын ыраазычылык каттары, ошондой эле Республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төш белгилери менен сыйланышты.

Район башчысы Нурбек Сатаров жалпы келген конокторду Баткен согушунун аякташына 20 жыл толушу менен куттуктап, өлкөбүздө дайым тынчтык болуп, өнүгүүнүн үстүндө болууну ошону менен бирге катышуучуларга бекем ден соолук каалап өттү.

Пикир

Оставить комментарий