• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ат-Башыда бир адам дайынсыз жоголду

Кырсык 0

Бишкек, 14.02.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айыл аймагында бир адам дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-февралда Баш-Кайыңды айылынан 1974-жылы туулган Т.У.Ж. жана 1976-жылы туулган С.А.Ы. атчан Ат-Башы айылына барышып, кайра Баш-Кайыңды айылына С.А.Ы. гана кайтып келген. Ал эми Т.У.Ж. дайынсыз болуп, айылга минген аты гана келген.

“Кечээ саат 22:25 чамасында издөө иштери башталган. Ал үчүн атайын 5 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 22 адам тартылган. Издөө иштери бүгүн улантылат”,-деп билдиришти ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий