• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ат-Башыда дайынсыз жоголгон адам туугандарыныкынан табылды

Кырсык 0

Ош, 14.02.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айыл аймагында дайынсыз жоголгон адам туугандарыныкынан табылган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-февралда Баш-Кайыңды айылынан 1974-жылы туулган Т.У.Ж. жана 1976-жылы туулган С.А.Ы. атчан Ат-Башы айылына барышып, кайра Баш-Кайыңды айылына С.А.Ы. гана кайтып келген. Ал эми Т.У.Ж. дайынсыз болуп, айылга минген аты гана келген.

Издөө ишинин жүрүшүндө маалым болгондой жоголгон адам Ат-Башы айылында тууганынын үйүндө түнөп калгандыгы аныкталган.

Белгилей кетсек, Т.У.Ж. издөө үчүн атайын 5 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 22 адам тартылган.

Пикир

Оставить комментарий