• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ат-Башыда демөөрчүлөр жана жергиликтүү тургундардын эсебинен күндүзгү стационар курулду

Аймак 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылында демөөрчүлөр жана жергиликтүү тургундардын эсебинен күндүзгү стационар курулду. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Күндүзгү стационардын ачылыш аземи 10-сентябрда болуп өткөн.

"Ача-Кайыңды айылынын тургундары Кайрат Эсенгелдиев жана Мирлан Жолдубаев демилгеси менен 8 орундуу жаңы күндүзгү стационардын курулушу башталган. Күндүзгү стационар демөөрчүлөр жана жергиликтүү тургундар тарабынан чогултулган каражатка курулган. Ага жергиликтүү айыл башкармалыгы да өз салымын кошкон", - деп билдирет өкүлчүлүк.

Күндүзгү стационардын ачылышында анын курулушуна салым кошкон демөөрчүлөр менен жергиликтүү тургундарга өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов ыраазычылык билдирген. Ал эми жергиликтүү айыл башкармалыгынын жетекчилиги аларга ардак грамота жана ыраазычылык кат тапшырышкан.

Пикир

Оставить комментарий