• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ат-Башыда ишкерлерге арналган “Жаратман” бизнес диалогу өтөт

Аймак 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 20-январынан 23-январына чейин Нарын облусунун Ат-Башы районунда "Эл аралык ишкерлер ассоциациясы" Айыл чарба министрлиги жана Нарын облустук администрациясы менен биргеликте, жергиликтүү ишкердүүлүктү өнүктүрүүнүн алкагында “Жаратман” бизнес диалогун өткөрөт. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага ар кандай чөйрөдөгү чакан жана орто бизнес тармагындагы жергиликтүү ишкерлер, фермерлер, ошондой эле жаңы бизнес идеяларды издеген айыл тургундары чакырылат.

Аталган диалог жергиликтүү ишкерлердин ишканалары үчүн өз франшизасын иштеп чыгып жайылтууга, потенциалдуу өнөктөштөрдү жана кардарларды табуу үчүн чыныгы мүмкүнчүлүк болуп саналат.

Ошондой эле экспортко чыгуунун жаңы механизмдерин билүүгө, билим берүү, туризм, ресторан багыттары боюнча жана айыл чарбасындагы жаңы инновациялардын ээлери менен потенциалдуу өнөктөштөрдү табууга мүмкүнчүлүк берет.

Сурап билүү телефону: 0555744575

Пикир

Оставить комментарий