• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ат-Башыда кайрадан жол кырсыгы катталып, бир адам каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 407-чакырымында Ford Mondeo унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен 35 жаштагы Ү.Б. аттуу эркек киши каза болуп, 36 жаштагы Т.Т. жана 35 жаштагы И.А. жабыркашкан. Жабыркаган жарандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Куткаруучулар каза болгон адамдын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эскерте кетсек, кечээ, 18-августта Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 437-чакырымында Toyota Sequoia унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктан төрт адам ар кандай жеңил жаракаттарды алышкан.

Пикир

Оставить комментарий