• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ат-Башыда коронавирус жуктурган 57 бейтаптын абалы айтылды

Аймак 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Ат-Башы районунда коронавирус жуктурган 57 бейтаптын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров билдирди.

Анын айтымында, илдетти жуктуруп алгандар менен байланышта болгон жарандардын баары аныкталды. "Ат-Башыда коронавирус жуктурган 57 жарандын ичинен эки жарандын дене табы көтөрүлгөнү байкалган. Башка жарандарда оорунун белгилери байкалган эмес. Абалдары жакшы деп айтсак болот", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 21-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 22 учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруунун 590 учуру катталды. Алардын 147си медицина кызматкерлери. Стационарда 367 адам, алардын ичинен бешөө реанимацияда жатат. 216 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Жети адам каза тапты.

Пикир

Оставить комментарий