• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ат-Башыда коронавирустан 5 адам айыгып, үйлөрүнө чыгарылды - комендант

Аймак 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Ат-Башы районунда коронавирустан 5 адам айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусунда жалпы 88 адам илдетти жуктурган.

"Нарын облусунда 5 адам илдеттен айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны 39 адамга жетти", - деди комендант.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий