• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ат-Башыда медицина кызматкерлери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Ат-Башы районунда медицина кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу Ат-Башы райондук администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, медициналык кызматкерлердин күнүнө карата Ат-Башы районунун ак халатчандарына грамота жана белектер тапшырылды.

Сыйлыктар Нарын облустук жана Ат-Башы райондук администрациялары тарабынан, ӨКМден, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, Санэпидемиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн, Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын атынан тапшырылды.

Пандемия учурунда чоң салым кошкон медицина кызматкерлерине аким Нурбек Сатаров бекем ден соолук, иштерине ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий