• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ат-Башыда милициянын көчмө кабылдамасы жер-жерлерде алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен райондун аймагында жугуштуу оорунун алдын алуу, окуучулар арасында мектеп рекетин болтурбоо максатында жер-жерлерде профилактикалык түшүндүрүү иштерди улантууда. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мындан тышкары, Бишкек-Торугарт жолунун жээгинде жайгашкан сарайдагы малчыларга мал жандыктарын кароосуз калтырбоо, кечкисин жарык берүүчү ленталарды тагуу боюнча эскертүү берилип, малдын катышуусу менен болуп жаткан жол кырсыктарын болтурбоо максатында айыл өкмөттөр менен алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле жергиликтүү тургундарга ок атуучу куралдарды мыйзамдаштыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен мектеп окуучулар арасында кылмыштуулуктун жана жолдо жүрүү эрежелери боюнча түшүндүрмө берилип, айыл аймактарда жашаган жашоочулардын кайрылуулары кабыл алынууда.

Пикир

Оставить комментарий