• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ат-Башыда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчанын мүлкү муниципалдык менчикке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башын райондук прокуратурасы тарабынан аталган райондун Ак-Моюн айыл өкмөтүндөгү бала бакчанын мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому жана Ат-Башы районунун "Кыргыз почтасы" мамлекеттик мекемеси, КР "Билим берүү жөнүндө" мыйзамынын талаптарын бузуу менен, аталган айыл өкмөтүндөгү "Тамчы-Булак" муниципалдык бала бакчасынын имаратынын ичиндеги, жалпы аянты 44,72 чарчы метр болгон эки бөлмөнү мыйзамсыз менчиктештирип алгандыгы аныкталган.

Аталган объектилерди кайтаруу максатында райондун прокуратурасы 2021-жылдын 28-апрелинде Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын атына сунуш киргизген.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде мыйзамсыз менчиктештирилген бөлмөлөр “Тамчы-Булак” бала бакчасынын менчигине кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий