• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ат-Башыда оптималдаштыруунун алкагында 10 медайым иштен алынды. Көпчүлүгү пенсияга чыккандар

Аймак 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районунун жалпы медициналык практика борборунда 30 штаттык бирдик кыскартылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине борбордун директору Илим Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Уй-бүлөлүк медицина борбору менен аймактык оорукананы бириктирүү жүрүп жатат. Ушул иштин алкагында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун штаттык бирдиктерине байланыштуу тиешелүү талаптарына текшерүү жүргүзүлүүдө.

“2019-жылы Саламаттык сактоо министрлигинин №52 жана ММКФнын №33 оптималдаштыруу тууралуу буйругу чыккан. Биздин борбор ошондо эле оптималдаштыруу жүргүзгөн, ал эми ҮМБда жүргүзүлгөн эмес. Ошондуктан биз бүгүн тиешелүү иштерди жүргүзүп жатабыз. 30 медкызматкерди иштен алган жокпуз”, - деди ал.

Бейшеналиевдин айтымында, жалпы 10 медайым кыскарды, алардын көпчүлүгү пенсияга чыгуу себеби боюнча иштен кетишти.

“Айрымдарын башка ишке котордук. Калган штат бош болчу, тескерисинче орун жетишпейт эле”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий