• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ат-Башыда пара менен кармалган салык органынын башчысы кызматтан бошотулду

Аймак 0

Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын башчысы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов кол койду.

Кызматтан бошотууга УКМК тарабынан 21-июнда жеке ишкерден пара алып жаткан жеринен кармалышы негиз болду.

Пикир

Оставить комментарий