• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ат-Башыда сүттү кайра иштетүүчү ишкана жыл бою иштей турган чоң сүт-товар комплексин курууда

Президент 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районунда сүттү кайра иштетүүчү ишкана жыл бою иштей турган чоң сүт-товар комплексин курууда. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-августта, анын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Аталган ишкананын уюштуруучусу Самар Өмүракунов өндүрүлгөн продукциялар ички рынокто сатылаарын жана Казакстанга экспорттолорун маалымдады. Ишканада 50дон ашуун адам иштейт. Өндүрүш кубаттуулугу сезонунда 55-60 тонна даяр продукцияны түзөт. Заводдун сырлары ар кандай эл аралык көргөзмөлөрдө «жогорку сапат» наамына татыктуу болуп келет.

Ишкананын продукциялары Ат-Башы сүт товарлары бренди менен барган сайын таанымал болууда жана Казакстан рыногунда чоң суроо-талап менен пайдаланылат. Ошондой эле продукциялардын көлөмүн көбөйтүү зарылдыгынан улам Россия рыногуна да ташып баштоо пландаштырылып жатат.

Белгилүү болгондой, Ат-Башы районунун климаттык шартында завод жыл бою иштей албайт. Күз, кыш айларында чийки сүттүн өндүрүшү кескин азаят. Буга байланыштуу сүт заводунун алдында эл аралык стандарттарга ылайык, коопсуз жана экологиялык жактан таза сүт продукцияларын өндүрүүнү камсыз кылып, чыгарып жаткан продукциялардын көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө боло турган сүт-товар комплексин куруу боюнча долбоор иштелип чыгууда жана ишке ашырылууда.

Бүгүнкү күндө сүт-товар комплексинин курулушуна Калинин айылынын жанынан 5 гектар жер бөлүнгөн. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 40 млн сом бөлүп берген, ошондой эле Россиядан, Түркиядан жана Германиядан жабдуулар сатылып алынган.

Учурда курулуш иштери башталды.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Азиз Алиев экспорттук потенциалын өстүрүү үчүн ишкананын бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгиледи. Фонд тарабынан жеңилдетилген насыя дал ушул максаттарга багытталган.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишкананын эмгек жамааты менен баарлашып, алардын аймактын өнүгүүсүнө кошуп жаткан салымын канааттануу менен белгиледи. Жер-жерлердеги мындай ишканалар атаандаштыкты өнүктүрүүгө түрткү болорун — рынокто монополия болбостугун жана жергиликтүү элдин өндүргөн товарларын сатып-өткөрүүсүнө жакшы шарттар түзүлөрүн кошумчалады.

Ал экспорттук потенциалы бар, жогорку сапаттуу продукцияларды өндүргөн ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоонун маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы жыл сайын республикалык бюджеттен айыл жериндеги ишкерлердин демилгелерин каржылоого багытталган каражаттардын көлөмү көбөйтүлүп жатканын эске салды. Ал аймактарга каржылоону көбөйтүүдөгү кыйынчылыктар жана каршылыктар тууралуу, бүгүнкү күндө бул процесс өз нугуна түшкөнү жөнүндө айтып берди.

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин саясаты жаңы жумуш орундарын түзгөн өлкө аймактарындагы жогорудагыдай ишкерлер дарыгерлер жана мугалимдер сыяктуу эң сыйлуу жарандардан болушу керектигине багытталганын белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын экологиялык жактан таза сүт продукциясы ЕАЭБ аймагында эле эмес, башка чет өлкөлөрдө, анын ичинде Кытайда толук кандуу атаандаштыкка жөндөмдүү экенин белгиледи.

«Ар кандай каржы институттар аркылуу жеңилдетилген насыяларды берүү, насыя алуудагы бюрократиялык иш-аракеттерди жоюу, жолдорду оңдоп-түзөө жана башка мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн колдоолор ишкерлердин натыйжалуу өндүрүш куруусуна жардам берет», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий