• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ат-Башыда санитардык нормалардын сакталышына 309 миң сомдон ашык каражат сарпталды

Аймак 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы айыл өкмөтү тарабынан коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу менен санитардык нормаларды сактоо боюнча жергиликтүү бюджеттин эсебинен 309 миң 780 сом каражаты сарпталды. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинен билдиришти.

Жергиликтүү бюджеттен жалпы 500 миң сом бөлүнгөн.

Айыл аймагындагы орто мектептерге санитардык нормаларды сактоо боюнча кире беришке кол жуугучтар жана бойлерлер 106 миң 830 сомго орнотулуп, керектелүүчү антисептик каражаттары 77 миң 950 сомго алынып берилди.

Ж.Шералиев атындагы балдардын музыкалык мектебин обсервацияга даярдоо боюнча сантехникалык каражаттарына 59 миң 600 сомго мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамына жараша электрондук порталга жарыя берилди.

Коронавирус жана пневмония илдетинин экинчи толкунун алдын алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен ооруган адамдарды аныктап, аларды күндүзгү стационарга жиберүүгө квартал башчылары менен биргеликте иш алып барылууда. Коопсуздукту сактоо менен телефон аркылуу байланышып, ооруган адамдар катталса үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна же күндүзгү стационарга баруу керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий