• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ат-Башыда өзгөчө абал киргенден бери үй карантинин бузган 4 факты катталды

Аймак 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда өзгөчө абал киргенден бери үй карантинин бузган 4 факты катталып, алар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.

Анын айтымында, алардын экөөсү посттон өтүп бара жаткан жеринде кармалса, бирөө үйүнөн унаасын айдап чыгып, кошунасынын тосмосун сүзгөн.

"Карантиндик талаптарды бузуу боюнча 2 категорияда айыппул салынат. Биринчиси жашы жете электер үчүн 5 миңден 15 миң сомго чейин жана жеке жактарга 20 миңден 31 миң сомго чейин айып салынат. Ал эми экинчи категориясында карантиндик талаптарды бузгандугу үчүн жашы жете электерге 15 миңден 25 миң сомго чейин, жеке жактарга 30 миңден 60 миң сомго чейин айыппул салынат", - дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий