• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ат-Башыда жаңы гемодиализ бөлүмү ачылды

Аймак 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат- Башы айылында “Диа-парк” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан өнөкөт бөйрөк ооруларынын 5 стадиясы менен ооруган оорулуулар үчүн 6 орундуу “Гемодиализ” бөлүмү ачылды. Бөлүм гемодиализге муктаж болгон оорулууларды кабыл алат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы 8-февралда “Диа-парк” ЖЧК менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) Нарын аймактык башкармалыгынын ортосунда келишим түзүлгөн.

“Бүгүнкү күндө гемодиализ бөлүмү өзүнүн ишин баштады. Оорулуулар менчик гемодиализ бөлүмүндө дарыланып жаткандыгына карабастан гемодиализ кызматы бекер жүргүзүлөт. Ар бир сеанс үчүн 4700 сом ММКФ тарабынан каржыланат. Буга чейин Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын гемодиализ бөлүмү 26 оорулууга кызмат көрсөтүп келген. Оорулуулардын Ат-Башыдан ар бир айда 12 жолудан Нарын шаарына келип кетиши кыйынчылык туудурчу. Эми бейтаптарга жеринде гемодиализ бөлүмүнөн жардам көрсөтүлөт”,-деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу «Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун» гемодиализ бөлүмүнүн башчысы Н.А.Туганбаев, ММК фондунун Нарын аймактык башкармалыгынын сапатты экспертизациялоо бөлүмүнүн башкы адиси Д.Ш.Жумашева, ММК Фондунун Нарын аймактык башкармалыгынын малыматтык камсыздоо секторунун башчысы Р.У.Мукаш, НОБОнун алдындагы гемодиализ бөлүмүнүн башчысы Ж.Д.Дыйканбаевдин катышуусунда атайын түзүлгөн комиссиянын курамы жеринде гемодиализ бөлүмүнүн шарты, дары-дармектердин кору менен таанышып, элге канчалык денгээлде жардам көрсөтө ала тургандыгына баа беришти.

Эгерде аталган гемодиализ бөлүмүнө байланышкан суроолор же сунуштарыңыздар болсо “113 ыкчам байланыш” номерине чалсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий