• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ат-Башыда жалпы республикалык тестирлөөгө болгон даярдык текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Кечээ, 23-июнь күнү Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров учурдагы короновирус пандемиясына байланыштуу, бүтүрүүчүлөрдүн саламаттыгын алдын алуу максатында жалпы республикалык тестирлөө өтүүчү мекемелердин санитардык талаптары, алардын даярдыктары менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Ат-Башы райондук администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тестирлөө 24-25-июнда Ат-Башы айылындагы К.Мамбеталиев жана Карыбек уулу Акматаалы атындагы эки чоң мектепте өткөрүлөт. Биринчи күнү негизги тест болсо, экинчи күнү тандоо тестти болот.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу мектептердин ичинде атайын тартип, сактык, аралыкты сактоо боюнча эскертмелер илинип, аралыкты сактап тизилүүчү сызыктар чийилген. Ошондой эле антисептик, кол жуучу жайлар даярдалып, самындар коюлган.

Тест берүүчүлөрдүн отурган столдору, 1,5 метр аралыкта тизилип, желдетүүгө эшик, терезелер ачылып, санитардык талапка жооп бергидей даярдоо иштери жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий