• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ат-Башыда Жарандык коргонуу багытында машыгуу өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Ат-Башы райондук Жарандык коргонуунун 2021-жылга болгон даярдык планына ылайык, Өсүмдүктөрдү жана суу ресурстарын коргоо кызматы менен “Өзгөчө кырдаал коркунучунда жана болгондо Жарандык коргонуу иш-чараларын уюштуруу жана башкаруу” темасында объектилик машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, машыгуунун максаты өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуда кызматтын штабы, башкаруу пунктунун өздүк курамынын Жарандык коргонуу иш чараларын уюштуруу, кызматтын күчтөрүн башкарууда кечиктирилгис чечим кабыл алуу, ыкчам чара көрүү багытында иш тажрыйбаларын өркүндөтүү болуп эсептелди.

Иш-чарага райондук суу чарба башкармалыгы жана агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери, инженердик техникалары тартылып, өзгөчө кырдаалдын алдын алуу максатында, практикалык негизде “Малатай” сугат каналынын жээгин бекемдөө жана айыл-чарба өсүмдүктөрүн зыяндуу курт, чегирткелерден сактоо максатында дарылоо иштерин жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий