• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ат-Башыда жер алдынан чыккан суулардын сарындылары болжол менен 150 турак үйдү каптап калуу коркунучу жаралды

Аймак 0

Бишкек, 08.12.17 /Кабар/. 2017-жылдын 8-декабрында Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылынын батыш тарабындагы “Аралбай-Саз” участогунан жер алдынан чыккан суулардын сарындылары чогулуп келип айылды аралап өткөн жабык типтеги дренаждын байкоочу кудуктары аркылуу кетип турчу. КР ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, аба-ырайынын төмөндөп жаткандыгына байланыштуу суулар тоңуп, тос (муз катмары) пайда болуп, айылдагы болжол менен 100-150 турак үйлөрдү каптап калуу коркунучу жаралган.

КР ӨКМнин куткаруучулары 100 даана капка топурак салып, 100 метр жерди тосуп, суунун нугун каналга бурушкан.

Пикир

Оставить комментарий