• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ат-Башыдагы 19-26-июль күндөрү боло турчу мал базар иштебейт

Аймак 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Ат-Башыдагы 19-26-июль күндөрү боло турчу мал базар иштебейт жана "Береке" базары түшкү 14:00гө чейин гана иш жүргүзөт. Бул тууралуу Ат-Башы райондук администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурдагы болуп жаткан кырдаалга байланыштуу, оорунун жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында мал базар жана "Береке" базарынын иштөө тартиби боюнча Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы штабдын чечими кабыл алынды.

Келе жаткан дем алыш күндөрү, тактап айтканда, 19-июлда жана 26-июлда Ат-Башы айылында боло турчу мал базарлар иштебейт.

Ал эми "Береке" базары азык-түлүк дүкөндөрдөн башкасы 09:00дөн-14:00гө чейин иш жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий