• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ат-Башыдагы "Чатыр-Көл" кинотеатры оңдолуп бүтүп, иштей баштады

Аймак 0

Бишкек. 19.03.19 /Кабар/. Ат-Башыдагы "Чатыр-Көл" кинотеатры толугу менен оңдолуп бүтүп, иштей баштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Кинотеатр 1968-жылы курулуп, бир жылдан кийин колдонууга берилген. Ошондон бери бир дагы ремонт болгон эмес.

Оңдор иштерине бюджеттен 7,6 млн сом акча бөлүнүп, кинотеатрдын жылуулук берүү системасы, ички жана тышкы келбети оңдолуп, керектүү инвентарлар жана аппаратура алынган. Кинотеатр 270 адамга эсептелген.

Кинотеатрдын ачылышына Жогорку Кеңешинин депутаты Алмазбек Баатырбеков, Маданият министри Азамат Жаманкулов, Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана тургундар катышты.

"Маданият тармагында жасай турган иштерибиз абдан көп. Учурда этап менен маданият мекемелеринин имараттарын оңдоп-түзөө иштерин колго алып жатабыз. Ар бир маданий жайдын абалы замандан талаптарына жооп берип, көрүүчүлөргө руханий азык алып кетүүсүнө шарт түзүшүбүз керек. Бул багытта Маданият, маалымат жана туризм министрлиги колдон келген иш-аракеттерин жасап жатат", – деди Азамат Жаманкулов.

Пикир

Оставить комментарий