• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ат-Башыдагы ийгилик жараткан окуучулар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы 2019-2020-окуу жылында республикалык олимпиадада 1-2-3-орундарга ээ болгон жана "Алтын тамга" тестирлөөсүнө катышып, "Алтын сертификатка" ээ болуп, ийгилик жараткан Ат-Башы районундагы окуучуларды ардак грамота жана белектер менен сыйлады. Бул тууралуу аталган райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, райондун алыскы айылдарындагы ийгилик жараткан окуучуларга Ат-Башы районунун акиминин биринчи орун басары Максат Кадыркулов жеринен барып окуучулардын жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, чакан белегин тапшырып берди. Ал эми жакынкы айылдардагы окуучуларды Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажаркүл Дүйшөналиева кабыл алып куттуктады.

Район жетекчилери бардык окуучулардын ийгилиги менен куттуктап, окууну аяктап, жогорку окуу жайына аттанып жаткан окуучуларга эл сыймыктанган мыкты студент, мыкты адис болуусун айтып, жолунун байсалдуу болуусун каалашты.

Пикир

Оставить комментарий