• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ат-Башыдагы памирлик үй-бүлөгө демөөрчүлөр тарабынан заманбап үй курулуп берилди

Аймак 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Ат-Башыдагы памирлик үй-бүлөгө демөөрчүлөр тарабынан заманбап үй курулуп берилди. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында жашап жаткан памирлик үй-бүлөгө жеке ишкер Нурлан Өмүракунов демөөрчүлүк кылып, 4 бөлмөлүү чоң турак жай салынып берилди.

Бүгүн чакан иш-чара болуп, аталган үйгө түлөө кылынып, ачкычы үй ээсине тапшырылды.

Иш-чарага өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров, демөөрчүнүн атынан Эсенбек Өмүргазиев жана бул жакшы саамалыкка салымын кошкон Нарын облустук социалдык мониторингдөө бөлүмүнүн башкы адиси Ажаркүл Дүйшөналиева, айыл өкмөт башчысы Таланбек Стамакунов жана айыл аксакалдары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө үй салып берген демөөрчү Эсенбек Өмүргазиевге жана буга чейин памирлик үй-бүлөнү өз карамагына алып, үйүндө жашатып колдоо көрсөтүп келген айыл тургуну Рахатбек Мамбеталиевге миграциия кызматынын төш белгиси, Ажаркүл Дүйшөналиевага ардак грамота тапшырылды. Андан сырткары аталган демөөрчүлөр жана айыл өкмөт башчысы өкмөттүн Нарын олбусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Ат-Башы райондук мамлекеттик админстрация башчысынын ардак грамоталары менен сыйланышты.

Жаңы салынган үйдүн жерин атайын колдоо ирээтинде айыл тургуну Рахатбек Мамбеталиев берсе, айыл өкмөтү дыйканчылыкты өздөштүрүүгө атайын айдоо жерден үлүш жер бөлүп берген.

Пикир

Оставить комментарий